Ош облусунда 16 жаштагы кош бойлуу кыз өз өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 25-августта кыз үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес, 16-сентябрда анын денеси Кара-Суу районундагы суу сактагычтан табылган.
"Экспертиза кыздын кош бойлуу экендигин көрсөттү. Маркумдун апасы эмгек мигранты болуп Орусияда иштеп жүргөн. Кыз Кара-Кулжа районунун жашоочусу болуп, акыркы учурда Ош шаарында жашап жаткан ”, - дешти милициядан.
Азыркы тапта бул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү иш аракеттер жүрүүдө.