Бүгүн, 6-ноябрда кыргыз мушкери Кямран Аббасов Сингапурда өтө турган "One Matrix II" турниринде америкалык мушкер Жеймс Накашимиге каршы биринчи жолу чемпиондук титулун коргойт.
Турнир Бишкек убактысы боюнча саат 18:30да башталат. Эки мушкердин беттеши турнирдин негизги беттеши катары өтөт.
Кямран Аббасов 2019-жылдын 25-октябрында швециялык мушкер Себастьян Кадестамды утуп, уюмдун жарым орто салмактагы титулун жеңип алган.