Өмүрбек Бабанов алдыда өтө турчу президенттик шайлоого катышпайт. Бул тууралуу саясатчы бүгүн, 6-ноябрда социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анда Өмүрбек Бабанов президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров экөөнүн чогуу түшкөн сүрөтүн жүктөп, шайлоодо Жапаровдун талапкерлигин колдоорун билдирген.
"Өлкөбүздөгү саясий-экономикалык абал курч экендигин бардыгыбыз көрүп турабыз.
5-октябрда элди толкуткан кесепеттерди түп-тамырынан жоюп, тезинен өнүгүү жолуна түшүүгө бизде мүмкүнчүлүктөр бар!
Кечээ Садыр Нургожоевич менен жолуктум. Өлкөбүздү өнүктүрүүгө керек болгон терең маселелерди ачык талкууладык. Өлкөбүз эркиндикти туу тутуп, демократиянын нугунда гана тез өнүгө алаарына окшош пикирде экендигибизди ачык көрдүм. Садыр Нургожоевич мурдагы башкаруучулардын каталарын кайталабастыгын, олуттуу өзгөрүүлөргө даяр экендигин көрдүм.
Конституциялык реформаны да кеңири сүйлөштүк. Эң негизгиси, бийлик бутактарынын тең салмактуулугун түзүү керек. Сот системасынын толук кандуу көз карандысыздыгын камсыздап, парламентти күчтөндүрүү керектигине так түшүнүк бар!
Мени колдоп келген бардык адамдарга, тилектештериме ыраазычылык билдирем! Партиялаштарым менен акылдашып, Кыргыз өлкөсүнүн президенттик кызматына өз талапкерлигимди алып чыкпоону чечтим. Садыр Нургожоевичтин талапкерлигин колдоо чечимин кабыл алдым" , - деп жазган Бабанов.