Буга чейин Ош облусунда 16 жаштагы кош бойлуу кыз өз өмүрүнө кол салганы маалымдалган. Бүгүн кызды зордуктаган бала кармалганы тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кармалган жаран 18 жашта болгон.
"Азыркы тапта маркумдун өзүнө кол салгандыгына жеткирген жагдай иликтенип жатат. Ал эми аны зордуктаган бала кармалып, учурда тергөө абагында", - дешти милициядан.