Сурабалдиева учурда пандемияга байланыштуу коомчулукта чоң жоопкерчилик тургандыгын эске салды

COVID-19 пандемиясынын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык чаралардын сакталышы боюнча талаптарды элге жеткирүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу чоң. Бул туурасында Кыргыз өлкөсүнүн вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушуусу учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкө боюнча эпидемиялык кырдаал кооптуу болуп турат. Өзгөчө Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Баткен облусунда күн сайын коронавирус илдетинин жаңы учуру көп катталууда. Буга байланыштуу Эльвира Сурабалдиева ЖМК жетекчилерин аталган көйгөйгө өзгөчө маани берип, калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин активдештирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген.

"Өзгөчө тобокелдик тобуна кирген улгайган адамдарыбызга, өнөкөт оорулары бар жарандарыбызга аяр мамиле кылуубуз керек. Жаштар арасында түшүндүрүү иштери кеңейтилиши керек. Бул жаатта жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу өзгөчө. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана коомчулук "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып", бул ооруга каршы ырааттуу иш алып баруубуз зарыл", - деп билдирген Сурабалдиева.

Вице-премьер-министр учурда пандемияга байланыштуу коомчулукта чоң социалдык жоопкерчилик тургандыгын эске салган.

"Ар бирибиздин жекече уюшкандыгыбыздан өлкөнүн бакубаттуулугу көз каранды. Же биз бирдиктүү тартипке келип, өздүк гигиена жана социалдык обочолонуу талаптарын тыкыр аткарып, экономикалык ишмердүүлүккө жол ачабыз же бардыгын жаап, аралыктан иштөөгө өтөбүз. Ар бирибиз жаш-кары, айыл-шаар болуп бөлүнбөстөн бир максатты коюп, бир багытта иш алып баралы. Тартип-ынтымак жана тийиштүү талаптарды так сактоо аркылуу гана бул илдетке каршы туруп, жеңип чыгабыз", – деген Эльвира Сурабалдиева.

Өз кезегинде ЖМК өкүлдөрү да кооптуу илдетке каршы коомчулук биргеликте иш алып барганда гана анын натыйжасы болорун белгилешкен. Мындан тышкары, COVID-19 пандемиясынын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин активдештирүү боюнча өздөрүнүн иштиктүү сунуштарын киргизишкени маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан