Бишкекте 8 жашар бала жоголуп кайра табылды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-ноябрь күнү болжол менен саат 17:18 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына 6-кичи райондо бала жоголуп кеткендиги тууралуу чакыруу келип түшкөн. Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1993-жылы туулган У.К. аттуу аял 2012-жылы туулган К.А. аттуу баласы жоголуп, издеп жүргөндүгүн кабарлаган.
Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, көп узабай баланы үйүнүн короосунан таап беришкен. Өз кезегинде баланын апасы кызматкерлерге ыраазычылык билдирген.