Суусамырда таңга маал жол кырсыгынан атасы, баласы жана келини каза болду. Ооруканага алардын 3 баласы жеткирилди

Таңга маал Бишкек-Ош унаа жолунун 172 чакырымында, тактап айтканда, Суусамыр өрөөнүндө жүк ташыган унаа менен жеңил унаа сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 7-ноябрда саат 06:30 чамаларында болгон.

"Тойота Камри унаасы түндүктөн-түштүккө карай бара жатып, каршы тилкеде келе жаткан жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча Тойота Камри унаасы каршы тилкеге чыга калган. Бирок дагы да маалымат такталмакчы.

Кырсыктын кесепетинен 1960-жылы туулган айдоочу, анын 36 жаштагы баласы жана келини окуя болгон жерден жан берген. Ал эми үй-бүлөнүн 5, 3, 1 жаштагы балдары Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген. Учурда жол кырсыгы болгон жерде тийиштүү кызматкерлер иштеп жатышат. Кошумча маалымат берилет", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bayern-munchen
2020-11-07 21:49:37
балким тайота камринин айдоочусунда куноо тактап териштиргиле а то бей куноо адам камалбасын грузовой айдоочусу деле бала бакыра багамын деп суукта жук ташып журот да
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан