Жалал-Абад шаарында сейилдөөчү паркта өспүрүм аттракционго урунуп каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-ноябрь күнү Жалал-Абад ШИИБинин 102 кызматына телефон чалуу келип түшкөн. Анда Токтогул атындагы сейилдөөчү паркында өспүрүм кокустукка учурап каза тапканын билдиришкен.
"Тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге чыгып, Ош облусунун 2007-жылы туулган тургуну К.А. чуркап бара жатып, иштеп жаткан аттракционго урунган. Тилекке каршы, өспүрүм каза болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматынан.