Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артём Новиков Кыргыз өлкөсүнүн бизнес курамасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун максаты мындан ары карай экономиканы активдештирүү жана ишкерлерге жагымдуу шарттарды түзүү боюнча демилгелерди талкуулоо болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, мамлекеттин бизнес менен диалогу өзгөчө мааниге ээ жана мындай форматтагы жолугушуулар үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүшү кажет.
Жолугушуу алкагында Артём Новиков иш-чара катышуучуларына өкмөт тарабынан экономикалык тармакта жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады, ошондой эле пландаштырылып жаткан реформалар тууралуу айтып берди. Өз кезегинде Кыргыз өлкөсүнүн бизнес курамасынын өкүлү Аскар Салымбеков бизнестин пандемиядан кийинки мезгилдеги өлкө экономикасын тез арада калыбына келтирүүгө тийиштүү практикалык көмөк көрсөтүү зарылдыгы боюнча ниети тууралуу маалымат берди.
КБК мүчөлөрү аймактарды жана экономика тармактарын өнүктүрүүгө багытталган пландарга кыскача токтолушту, ошондой эле “БАРС” идеологиялык жана экономикалык өнүктүрүү программасын сунушташты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Артём Новиков бизнес өкүлдөрүнө жемиштүү жолугушуу жана конструктивдүү сунуштар үчүн ыраазычылык билдирди.