8-ноябрдан 9-ноябрга караган түнү Бишкектеги "Орто-Сай" базарынан өрт чыкты. ӨКМден билдиришкендей аны өчүрүүгө 5 бригада тартылды.
"Өрттү өчүрүүгө ӨКМден 5 бөлүм, 1 автошаты, 1 суу ташуучу унаа, ККББдан ыкчам топ, Штаб тартылган. Жеринде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары полковник Калыс Ахматов көзөмөлдөп жатат. Мындан тышкары ИИМ, тез жардам кызматы, жана РЭТтен 1 бригада тартылган. Кошумча маалымат берилет", - деп жазылат маалыматта.