Түркиянын Коджаэли шаарында өтүп жаткан 20 жашка чейинки жаштар арасындагы шахмат боюнча Дүйнө чемпиондугунда 12-тур жыйынтыкталды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет. 12-турдун жыйынтыгы боюнча эркектер арасында Жохар Жанбай уулу 5 упайы менен 117 катышуучунун ичинен 79-орунда. Ал эми кыздар арасында Айжан Алымбай кызы 5,5 упайы менен 77 катышуучудан 52-орунда болсо, Айжаркын Шынгыс кызы 5 упайы менен 59-орунда. Эске салсак, Дүйнө чемпиондугунун алкагында ар бир спортчу 13 беттеш өткөрөт.