Садыр Жапаров "Жогорку Нарын ГЭС каскадынын" абалы менен таанышты (сүрөт)

Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусуна иш сапарынын алкагында "Жогорку Нарын ГЭС каскадына" барды. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров вахталык кыштакчанын жана «Жогорку Нарын ГЭС каскады» жабык акционердик коомунун мүлкүнүн абалы менен таанышкан.

"Учурда аны Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн буйругуна ылайык, «Электр станциялары» ААКсы коргоого алган. «Электр станциялары» ААК төрагасы президенттин милдетин аткаруучуга «Жогорку Нарын ГЭС каскадынын» учурдагы абалы жана анын тегерегиндеги соттук териштирүүлөр туралуу маалымат берди. Президенттин милдетин аткаруучу «Жогорку Нарын ГЭС каскадынын» курулушу, ириде өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кыла турган маанилүү стратегиялык объект экендигин белгиледи. Садыр Жапаров энергетикалык объектиге байланыштуу сот ишинин жүрүшү тууралуу маалыматты өз убагында билдирип турууну тапшырып, бул маселе анын жеке көзөмөлүндө экендигин кошумчалады", - деп билдиришти аталган мекемеден.

Белгилей кетсек, «Жогорку Нарын ГЭС каскады» жабык акционердик коому 2012-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын жана Орусиянын өкмөттөр аралык келишимине ылайык катталган. Бирок кыргыз тараптан келишимдин денонсацияланышына жана анын иштөөсү токтотулгандыгына байланыштуу, 2016-жылдын 9-августунан ушул күнгө үчүн долбоордук-изилдөө жана курулуш-монтаждык иштери токтотулган.

Быйыл Бишкек мэриясы жаңы жылдык жасалга үчүн акча коротпойт. Ак Үй алдында сейилдеген жарандар..
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан