Тик-Ток тиркемесинин жылдызы Ийгилик ырчы Анжеликанын дагы көз жаздымында калган жок

Соңку айлардан бери Тик-Ток тиркемесинин жылдызына айланган Ийгиликти көпчүлүгүбүз жазбай таанысак керек. Анын ырчы Анжелика менен биргеликте тойдо бийлеген видеосу жарыяланды.

Аталган видео интернет желесине тарап, талкууга алынууда. Анда социалдык тармактын колдонуучулары Ийгилик Анжеликанын дагы көз жаздымында калбаганын айтып, анын популярдуулугу дагы да арта баштаганын жазышууда.

Белгилей кетсек, Ийгилик Асанов кыргыз Тик-Тогун багындырган 18 жаштагы жигит. Анын белгилүү "Порш Панамера" аттуу ырга тарткан видеосу 5 миллионго жакын көрүүчү топтогон. Кийин анын Инстаграм баракчасын блоктоп кетишкен. Кайра жаңы баракча ачкандан тарта Ийгиликтин 15 миңден ашык катталуучусу бар.

Ал Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Бирлик айылынан болот. Учурда Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик университетинде физика багытында окуйт.

Тик Ток тиркемесинин жылдызы Ийгилик ырчы Анжеликанын дагы көз жаздымында калган жок
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
asyl1998
2020-11-09 17:26:44
Анжелика азаматсын.
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан