"Фан-Лига Кыргызстан-2020" мелдешинде футбол майрамы өттү. "Беловодск" чемпион аталды!

Бишкекте 7-9-ноябрь күндөрү сүйүүчүлөр арасындагы командалар ортосунда «Фан-Лига Кыргызстан-2020» мелдеши өттү. «Фан-Лига Кыргызстан 2020» - Кыргыз футболдук союзу жана Кыргыз Республикасынын Спорттук лигасынын эгидасы алкагында өткөрүлүп жаткан сүйүүчүлөр арасындагы алгачкы мелдеш. Башкы максат - өлкөдө массалык футболду өнүктүрүү жана футболчулардын чеберчилик деңгээлдерин өстүрүү.

Турнирдин башкы демөөрчүсү «Кыргызстан» коммерциялык банкы болду. Мелдештин өзгөчөлүгүнүн бири - бардык оюндар түз эфирден Kyrgyz Sport TV каналынан көрсөтүлдү. Футбол ышкыбоздору өздөрүн чыныгы профессионал элестетишти. Муну менен турнир жогорку деңгээлде өтөрүн көргөздү!

Чемпиондук үчүн өз аймактарында жеңүүчү болгон жана Бишкек шаарынын командасы менен жалпы 8 команда катышты. Алар чүчүкулактын жыйынтыгында эки тайпага бөлүндү:

А тайпасы: «Клуб-91» (Жалал-Абад облусу), «Ак-Кула» (Нарын облусу), «Беловодск» (Чүй облусу), «Банк Кыргызстан» (Бишкек).

Б тайпасы: «Ал Халал» (Бишкек), «Банк Бай-Тушум» (Ош), «Кара-Буура» (Талас облусу), «1-Май» (Ысык-Көл облусу).


Оюндар биринчи турдан тарта кызуу жүрүп, командалар өз чеберчиликтерин көрсөтүп жатышты. Чындыгында, аларды профессионалдардан айырмалоо оор болду. Бардык оюндарда мыкты голдор жаралып жатты. А тайпасынан 1-орунду "Беловодск" камсыздап, финалга аттанды. Б тайпасынан Ысык-Көлдүн “1-май” командасы алдыга озуп чыкты. Эки команда тең алтын медалдар үчүн күрөш жүргуздү. Беттешти ФИФА калысы Нурдин Букуев тейледи.


Финалда мыкты оюн жүрүп, акыркы мүнөттөргө чейин жеңүүчү аныкталган жок. Жыйынтыгында “Беловодск” 4:3 эсебинде жеңип алды. Чүйдүн командасы “Фан-ЛигаКыргызстан-2020” мелдешинин алгачкы жеңүүчүсү! 3-орунду "Банк Кыргызстан" (Бишкек") командасы ээледи.


“Бардык командаларга рахмат, мыкты футбол көргөздүңөр. Бул турнир республикалык масштабдагы сүйүүчүлөр арасындагы алгачкысы, буюрса, эми жыл сайын өткөрөбүз. Пандемиянын айынан көпчүлүк командалар катыша албай калышты, кийинки жылы бардык каалоочуларды күтөбүз. Бул турнирдин башкы айырмачылыгы чемпион аталган команда Кыргыз Республикасынын атынан сүйүүчүлөр арасындагы эл аралык мелдештерге катышат”, - деди Спорттук лиганын президенти Медет Таиров.

“Командаларга, уюштуруучуларга жана мелдештин башкы демөөрчүсү болгон “Банк Кыргызстанга” терең ыраазычылык билдирем. Жеңүүчүлөрдү куттуктайм, ошондой эле калган командаларды кийинки жылы дагы күчтүү болуп келишин күтөбүз” – деди жеңүүчүлөрдү куттуктоо аземинде Күйөрмандар союзунун президенти Эмил Кутманов.


Турнирдин жыйынтыгында мыктылар аныкталды, анда турнирдин MVP оюнчусу болуп Эмир Жетибаев (“Беловодск”) аталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан