Алтынай Нарбаева: "Неберем гүлдөй тамырлаган бекем болсун деп Алеандра деген ысым ыйгардык"

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева кечээ, 8-ноябрда неберелүү болгонун сүйүнчүлөгөн. Тун неберелүү болгон ырчы айым уктабай таң атырганын, куда, кудагыйына ыраазы экенин айтат.

"Неберебиздин жытын искегендеги сезим кандай керемет. Бүгүн келиним неберебизди сүрөткө тартып жиберген экен, аны көрүп элжиреп отурабыз. Тун неберелүү болгондуктан уулум менен келиним ысым ыйгарууну бизге тапшырышты. Чоң атасы экөөбүз кеңешип неберебизге Алеандра деген ат койдук.

Бул гүлдүн аталышы. Мен гүлгө жакынмын, гүлдүн түрлөрүн өстүргөнгө кызыгам, андан ырахат алам. Дем алыш күндөрү мени борбордогу гүл базарлардан оңой эле тапса болот. Бир жолу өзгөчө гүлдөрдү карап жүрүп, жыты буркураган башкача гүлдү көрүп калдым. Аталышын сурасам Олеандр экен.

Чоң атасы экөөбүз неберебиз гүлдөй тамырлаган, суктанууну жараткан, ошол гүлдүн сабактарындай бекем болсун деген ниетте ушул ысымга токтолдук", - дейт ал.

Алтынай Нарбаеванын уулу Темирлан сүйүктүүсү Айданай менен 2019-жылы баш кошкон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Margo82
2020-11-09 19:39:10
Олеоандр уулуу гүл,дарак сымалдарга кирет .
+2
bond02
2020-11-09 21:13:06
Ана сага ат коюш элеби.
+1
Gsuita
2020-11-09 22:46:35
Олеандр адское дерево, цветет, пахнет и медленно убивает.
+2
mira28
2020-11-10 13:58:48
Кыргызча ат калбаган экенда.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан