"Жалаң Хонда Фитке "аңчылык" кылышкан". Бишкекте бир катар унааларды уурдаганга шектелип эки өспүрүм кармалды

ИИМдин кызматкерлери аймактык бөлүмдөр менен биргеликте бир катар унааларды уурдаган деп шектелген жарандарды кармашты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-ноябрь күнү милиция кызматкерлерине унааны уурдап кетти деген кайрылуу келип түшкөн. Анда түндө Бишкек шаарынын кичи райондорунун биринде белгисиз адамдар 44 жаштагы тургунга таандык ак түстөгү Хонда Фит унаасын уурдап кетишкен.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 206-беренеси "Автоунааны уурдоо" боюнча катталып, сотко чейинки тергөө амалдары башталды.

Мындан тышкары, башка унаа ээлери дагы уурулук фактылары боюнча ички иштер органдарына арыз менен кайрылышкан.

Издөө иштеринин алкагында шектүүлөр Бишкек-Ош унаа жолунда уурдалган унаа менен кетип бара жатышкандыгы аныкталган. Аталган унаа жолунун 449-чакырымында Хонда Фит унаасы Жалал-Абад облусунун жол кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан токтотулган.

"Натыйжада эки шектүү камакка алынып, алар жашы жете элек С.А. жана А.Р. аттуу жарандар болгон. Экөө тең Ош облусунун тургуну, биринчиси буга чейин тоноо боюнча соттолгон.

ИИМдин маалыматы боюнча, кармалган жарандардын мындан башка дагы унааларды уурдоо боюнча төрт фактыга тиешеси бар. Алар 3-ноябрга караган түнү борбордун тургунунан ушул эле маркадагы унааны уурдап кетишкени аныкталды. 5-ноябрга караган түнү кылмышкерлер Сельповский көчөсүндө Хонда Фит унаасын уурдап кетишкен. 5-ноябрда эртең менен "Ак-Босого" жаңы имаратында дагы бир Хонда Фит унаасы уурдалган. Өспүрүмдөр уурдалган унаалардын айрымдары менен жол кырсыгына кабылып, жарактан чыккан унааны таштап кетишкен. Унаалардан буюмдарды уурдоо фактылары да бар. Алдын ала маалыматтар боюнча, алар акыркы уурдалган унааны сатышмак", - деп жазылат маалыматта.

Учурда бардык фактылар боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Munar_6052
2020-11-10 22:11:28
уурулук кылмыш кылгандардын бетин аты жонун толук эле корсоткулочу, уулу урматтуу Нургожоевич
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан