Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда Орусиянын төрагалыгы астында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын видеоконференция форматындагы кеңешине катышат. Бул тууралуу президеттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө эл аралык жана регионалдык актуалдуу маселелер боюнча пикир алышуу пландаштырылууда. Жыйын соңунда бир катар жыйынтык документтер кабыл алынат.
Кызматташтыктын негизги багыттары экономикалык кызматташууну өнүктүрүү, энергетикалык өнөктөштүк, илим жана маданият жаатында өз ара аракеттешүү, ошондой эле терроризм, сепаратизм, экстремизм жана наркотрафик менен күрөшүү болуп саналат.
Бүгүнкү күндө уюмдун мүчөлөрү — Кыргыз мамлекети, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан.