"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери, алдыда өтө турган президенттик шайлоого талапкер катары катышууга арыз берген Адахан Мадумаров боюнча "Мадумаров Кремлде, жолугушууга даярданып жатат" деген видео тарады.Андагы видеодон Кремлдин залдарынын биринде Мадумаров жана 2-3 кишинин турганын көрүүгө болот. Алар алдыдагы боло турган нерсени талкуулап жаткандай түр калтырат.
Маалыматты Адахан Мадумаровдун өзүнөн тактоо мүмкүн болгон жок. Ал эми "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын басма сөз кызматынан Мадумаров Кремлге кимдир-бирөө менен жолугушууга барганын тастыктады. Биздин "ким менен жолугат?" деген сурообузга "Так маалымат кечирээк берилет" деп жооп беришти.