"Коронавирус, Сооронбай Жээнбеков, президенттик шайлоо..". Садыр Жапаров ШКУнун кеңешинде эмне жөнүндө сүйлөдү?

Бүгүн, 10-ноябрда Орусиянын төрагалыгы астында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын видеоконференция форматындагы кеңеши өтүп жатат. Жыйында президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров сөз сүйлөдү.

"Баарыңыздарга белгилүү болгондой эле октябрь айында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор чыккан. Жыйынтыгында элдин суроо-талабы менен мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков өз каалоосу менен кызматтан кетти. Ага экс-президент деген макам берилип, мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардын бардыгы тапшырылды. Азыркы учурда Кыргыз өлкөсүндө абал туруктуу", - деди Жапаров.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров ШКУнун кеңешин видеоконференция форматында өткөрүп жаткандыгы үчүн Владимир Путинге ыраазычылыгын билдирип, коронавируска каршы вакцинаны дүйнөдө биринчилерден болуп каттоодон өткөргөндүгү үчүн куттуктады.

Бүгүнкү күндө уюмдун мүчөлөрү — Кыргыз мамлекети, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан.

Садыр Жапаровдун ШКУнун саммитинде сүйлөгөн сөзү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан