Садыр Жапаров Владимир Путинден эки өлкөнүн кызматташтыгы боюнча телефондон сүйлөшүүнү өтүндү

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинден бир катар актуалдуу маселелер боюнча телефон аркылуу сүйлөшүүнү өтүндү. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда ШКУ саммити учурунда сөз сүйлөп жатып билдирди.
"Кыргыз Республикасы евразиялык интеграция маселеси боюнча Орусиянын ишенимдүү шериги бойдон калат. Биз мамлекеттер аралык, экономикалык, маданий байланышыбыздын өнүгүшүнө карата алган багытыбызды ырааттуу түрдө уланта бермекчибиз. Биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтык боюнча талкуулоочу бир катар актуалдуу маселелер бар. Мен сизден бул маселелерди телефондук сүйлөшүүдө талкуулоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө суранат элем", - деди Жапаров.
Буга чейин кеңешмеде президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсүндөгү президенттик шайлоо, мурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков жөнүндө сөз айтканы маалымдалган.
Видеоконференция форматында өтүп жаткан ШКУнун саммитинде эл аралык мамилелер, коронавирус жана башка аймактык маанилүү маселелер талкууланды.
Бүгүнкү күндө уюмдун мүчөлөрү — Кыргыз мамлекети, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан