Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзийоев ШКУ саммитинде Кыргыз өлкөсүнүн президентинин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаровду көрүп жатканына кубанычта экенин айтып, Кыргыз өлкөсүн бардык тараптан колдоого даяр экенин билдирди.
Ошондой эле Мирзийоев Кыргыз өлкөсү Өзбекстан мамлекети үчүн стратегиялык шериктеш жана бир тууган мамлекет экенин белгилеген.
Бүгүн, 10-ноябрда Орусиянын төрагалыгы астында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын видеоконференция форматындагы кеңеши өттү. Жыйында президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров ШКУнун алкагындагы экономикалык кызматташтык, коронавируска каршы күрөшүү жана Кыргыз өлкөсүндөгү коомдук-саясий абал тууралуу сөз сүйлөдү.
Онлайн кеңешмеге төрагалык кылып жаткан Владимир Путин Садыр Жапаров сөз кылган экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматташтык тууралуу жакынкы арада Жапаров менен болгон телефондук сүйлөшүүдө талкууларын билдирди.