Нарындагы "Кара-Кече" көмүр кенинен жүк алып келе жаткан унаа жолдон оодарылып кетип, бир адам каза болду

Нарын облусундагы "Кара-Кече" көмүр кенинен жүк алып келе жаткан унаа жолдон оодарылып кетип, бир адам каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

"Кырсык бүгүн болгон. Анда "Кара-Кечеден" көмүр салып убактылуу ачылган жол менен келе жаткан унаа ылдый түшө бериште башка жүк ташуучу унааны сүзүп алган. Ошол маалда арттагы автоунаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочу Жумгал райондук ооруканасына жеткирилип, жанындагы адам кырсык болгон жерде көз жумган. Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп билдирет милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан