Кочкордо айдоочу рулга ээ боло албай кырсыкка кабылды. 3 адам жаракат алды

Нарын облусунун Кочкор районунда автокырсык катталып, 3 адам жаракат алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жол кырсыгы 10-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында Куаакы ашуусунда катталды.

"Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 170-чакырымында Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдун жээгине оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 3 адам (аты-жөндөрү такталууда) жеңил жаракат алышкан.

Жерине тартылган куткаруучулар жабыркагандарды унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришти", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан