Милиция кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Сокулук РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБине Н.А аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал К.Н аттуу жаран алдамчылык жол менен анын ишенимине кирип, 2019-жылдын февраль айында жабырлануучунун үйүн 21 миң долларга баалап, ооз эки түрдө келишим түзүү менен бирге 10 миң доллар өлчөмүндө каражатты берип, калган акча каражатын насыядан кийин берүүнү убада кылган.
Бирок ал аталган Сарбан айылынын көчөлөрүнүн биринде жайгашкан үйдү өзүнө каттатып, ар кандай шылтоолор менен арыз ээсине калган каражатын кайтарып берген эмес.
"Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-беренеси "Алдамчылык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде кылмышка шектелип, 1984-жылы туулган К.Н аттуу жаран кармалган. Учурда милиция кызматкерлери кармалган жарандын алдамчылык аракеттерге байланыштуу дагы үч фактыга тиешеси бар экендигин аныктады", - деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча сотко чейинки процесстер уланууда.