Эртең, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров маалымат жыйын берет. Учурда журналисттерди каттоо иштери жүрүп жатат.
Маалыматка ылайык, журналисттер КТРКнын алдына саат 12:30да чогулат. Ал эми маалымат жыйын саат 14:00дө башталары белгилүү болду.