Клара Сооронкулова президенттик шайлоого аттануу үчүн БШКга арыз тапшырды

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова президенттик шайлоого аттануу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал 1969-жылы 18-мартта туулган. Сооронкулова "Укук мектеби" коомдук уюмунун жетекчиси болуп эмгектенип келет.

Буга чейин Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Бектур Асанов, Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Абдыкаар Сыдыков, Бакыт Бакетаев, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев, Жеңишбек Байгуттиев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызын БШКга тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан