Чүй облусунун Ысык-Ата районунда эркек кишинин жансыз денеси табылды. Милиция маркумдун жакындарын табууга жардам сурайт. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-ноябрь күнү Ысык-Ата районунда эркек ишинин жансыз денеси табылды. Маркумдун жашы болжол менен 60-65 жашта үстүндө кийген кийимдери жок.
Өзгөчө белгилери: Арык дене түзүлүштө, чачы кара кыска, оң колунда күмүш шакеги бар. Сол колунда татуировка бар. Кимде ким бул жаранды тааныгандар болсо төмөнкү номерлерге чалып коюну өтүнөт.
Байланыш телефону: 0312 43 01 27, 0700 06 78 63, 0707 36 51 85, 0550 21 08 68, 0707 62 45 54.