Баткен облусунун аймагында жергиликтүү жаран баңгизаттарды ташып жаткан учурда кармалды

Баткен облусунун аймагында жергиликтүү жаран баңгизаттарды ташып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине Алик аттуу жаран Тажикстан Республикасынын аймагынан Баткен облусу аркылуу баңгизаттарды ташып жана сатып өткөрүү менен алектенип жүргөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

9-ноябрь күнү саат 20:30 чамасында Баткен облусунун Лейлек районунун Жаштык айылынын унаа жолунда Чүй облусунун тургуну 1976-жылы туулган Д.Д. кармалган. Кармалган жаранга тинтүү жүргүзгөн учурда колуна алып жүргөн спорттук сумкасынын ичинен таңгакталган өзгөчө жыты бар кара-күрөң түстөгү баңгизат табылган. Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусунун негизинде алынган каражат жалпы салмагы 796 граммды түзгөн гашиш баңгизаты экендиги маалым болгон. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан