Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Өзбекстанда өтүп жаткан мелдеште жеңилди

Өзбекстандын Фергана шаарында 23-29-сентябрь аралыгында өтүп жаткан теннис боюнча баш байгеси 25 миң Америка долларын түзгөн мелдеште кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина жеңилип калды. Бул тууралуу эл аралык теннис федерациясы билдирет. Анда Ксения жалгыз ойноодо чейрек финалга жолдомо үчүн болгон беттеште украиналык  Людмила Киченок аттуу спортчуга 6:1, 6:0 эсебинде утулуп калды. Бул жеңилүүдөн кийин аталган мелдеш кыргызстандык спортчуга мөөнөтүнөн мурда аяктады. Эске салсак, мелдештин алгачкы айлампасында Ксения Палкина жупта ойноодо да жеңилүүгө аргасыз болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KUMU89
2013-09-27 18:31:15
Echnerse emes, kelechek aldyda.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан