Бүгүн, 11-ноябрда социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында №47 колониянын аймагындагы футболдук аянтчада мөөнөтүн өтөп жаткандар тергөө астындагы Камчы Көлбаевдин келишин белгилеп жаткандагы видео тараган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында аталган видео 2020-жылдын 5-ноябрында тартылганын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
"Бул күнү түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан планга ылайык, спорттук иш-чаралар уюштурулган. Ошондой эле түшкү тамактануу катары дасторкон даярдалган. Анда спорттук иш-чаранын жыйынтыктары жүргүзүлүп, "Бабаларды эскерүү күнүнө" карата куран окутулган. Аталган факты боюнча тинтүү жүргүзүлүп, анда 10 жылга эркинен ажыратылган соттолуучу А.Н.га тиешелүү уюлдук телефон табылган. Ал видеого тартканы үчүн 1 айга камерага киргизилген. Мындан тышкары уюлдук телефонду колдонууга жана алып жүрүүгө жол берген кызматкерлерге карата ЖАМКнын ички текшерүүсү башталды", - деп жазылат маалыматта.