Ош шаарындагы "Алыш" спорттук комплексинде 11-13-октябрь күндөрү грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Муну республикалык олимпиадалык резерв окуу жайынан кабарлашты. Мелдеште 1997-2002-жылы туулган жаш спортчулар 10 салмактык категорияда ат салышат. Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандын спортчулары намыс талашат.