Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай ГЭСиндеги көлмөдөн эркек кишинин жансыз денеси табылды. ӨКМнын билдирүүсүнө ылайык, нөөмөт бөлүмгө 11-ноябрь күнү саат 13:59да билдирүү түшкөн.
Анда Таш-Көмүр шаарындагы Шамалды-Сай ГЭСиндеги көлмөдө эркек адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу кабарланган. Жерине куткаруучулар тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкени айтылат маалыматта.