Жылмайткан да, ачуусун келтирген да суроолор болду. Садыр Жапаровдун биринчи маалымат жыйынындагы кызыктуу учурлар бир шилтемеде

2020-11-12 15:31:00

 

Жыйын аяктап, SUPER.KG порталы маалымат каражат өкүлдөрүнө жыйын боюнча суроо салып, алардын пикирин укту. 

Көпчүлүк журналисттер жыйынга канааттанбай калганын, убакыт тар болгонун айтышты. 

2020-11-12 15:12:00

 Жапаровго эгер президент болуп калсаңыз, Бабановду кайсы кызматка коёсуз деген суроо узатылды.

"Бир гана Бабанов эмес, бир топ саясатчылар мага кол сунуп келди. Келген саясатчыларга менин эшигим ар дайым ачык. Алардын баары менен эле жолугуп жатам. Мен аларды бакиевчи, акаевчи, жээнбековчу деп бөлбөйм", - деди Жапаров. .

2020-11-12 14:53:00

 

Садыр Жапаровго маалымат каражат өкүлү тарабынан "Эмне үчүн галстук такпайсыз?" деген суроо узатылды.

"Галстук мени муунта берет, ошон үчүн эле такпайм, андан башка себеби деле жок" деп жооп берди Жапаров берилген суроого. 

 

2020-11-12 14:46:00

 

Садыр Жапаровго жыйын учурунда "КТРКга көп нааразы болуп, бул жакка чыгууга зар болуп жүргөн учурларыңыз болгон. Мына ушул тазалануу КТРК каналынан башталышы керек. Мекемеге реформатор жетекчи келиши керек, сиз көзөмөлдөп коёсузбу" - деген сунуш айтылды. 

 Жапаров бул пикирге төмөнкүдөй жооп узатты. 

"Биз дайыма камаш керек, куугунтуктоо керек деп түшүнөбүз. Муну менен маселе чечилбейт, бир эле КТРК эмес, бардык мамлекеттик структураларда жаңылануу болот. Баарын жаңылоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул мекемеде 1000ге чукул адам иштейт, бирок ага карабай көптөн бери КТРКны көбү көрбөй калган. Ошондуктан кыскартууга барсаңыздар жакшы болмок, тынчтык жолу менен", - деди Жапаров. 

2020-11-12 14:43:00

Садыр Жапаровго Кыргыз өлкөсүнүн келечеги барбы деген суроо узатылып, ал суроого "өлкөнүн келечеги бар" деп жооп берди. 

2020-11-12 14:41:00

 

"Сооронбай Жээнбековдун оор кылмышы жок" деди Жапаров.

2020-11-12 14:40:00

 

"Раим Матраимов төбөсү көрүнгөнү үчүн ушундай резонанс болуп жатат. Негизи эл ичинде төбөсү көрүнгөнү да, көрүнбөгөнү да бар. Мамлекеттен уурдалган каражаттар артка кайтарылып жатат", - деди Жапаров.

 

2020-11-12 14:32:00

 

Садыр Жапаровго 300 миллион долларды өлкөгө кайтаруу аракетин көрөсүзбү деген суроо узатылды.

"2010-жылдагы окуя боюнча жалгыз эле Бакиевдерди күнөөлөө туура эмес. Бул боюнча карап чыгышыбыз керек. Бул сумма боюнча изилдеп, андан кийин гана артынан түшөбүз", - деди Жапаров.

2020-11-12 14:25:00

 

"Коррупционерлерди камап койгондон эмне пайда, баарын кустуралы" деди Жапаров.

2020-11-12 14:22:00

 Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Эркин Асрандиевдин аны менен иштешүүдөн баш тарканы боюнча берилген суроого комментарий берди. 

 "Эркин Асрандиевди таанычу эмесмин, анын ал кызматта иштегенин да билген эмесмин. Аны биринчи  вице-премьер-министр кызматына сунуштасам, ал өзү баш тартыптыр, анан бул кызматка Новиков макул болгон экен. Асрандиевдин жазганын окудум, эжем тууралуу жазган экен. Бул мага оппонент катары жүргөнүн билдим, бул саясий иш. Эгер сиздерди кызыктырса документтерди толук берем. Мен он жылдан бери куугунтукталып келем, туугандарым да ошондой болду. Асрандиев банк жоюлган кезде козголгон кылмыш ишин окуп алган, эл да ошондой болуп жатат". 

 

2020-11-12 14:18:00

 

"Президенттин милдетин аткаруу кызматын тапшырып берем, ал кызмат автоматтык түрдө спикерге өтөт. Өкмөт башчылык ыйгарым укуктарым шайлоо бүткүчө убактылуу токтотулат, ал кызматты биринчи вице-премьер-министр аткарат", - деди Жапаров. 

2020-11-12 14:15:00

 

Садыр Жапаров "Акыркы жолу кайсы китепти окугансыз?" деген суроого жооп берди.

Ал бай өлкөлөр эмнеге бай болот да, эмне үчүн кедей өлкөлөр кедей боюнча кала берет деген ой камтылган китепти окуганын айтты. 

2020-11-12 14:14:00

 

Садыр Жапаров SUPER.KG порталынын эл менен жолугушуусу тууралуу берген суроосуна төмөнкүдөй жооп берди.

 

"Мен аймактарды кыдырганда түштүк жергесин кыдырдым. Анткени башаламандыктан пайдаланып чек арада жаңжал чыгарабыз деген топтор болду. Бул коронавирустан да кооптуу. Мунун алдын алып, мен эл менен көзмө көз жолуктум", - деп жооп берди Жапаров.

 

2020-11-12 14:07:00

 

"Бири-бирибизди бийлик алмашканда кууп, куугунтуктаганыбыз туура эмес. Мен эч кимди куугунтуктабагыла, камабагыла деп айтып жатам. Биз 30 жылдан бери саясат менен алышып, өлкөбүздү артка кетириптирбиз. Түрмөлөрдү толтургандан биз пайда таппайбыз. Ошондуктан саясий куугунтук, журналисттерге болгон куугунтук болбойт. Ар ким өз оюн ачык айтсын. Эгер чын айтса биз ага реакция кылабыз, калп айтса анда кеп башка, калптын казаны кайнабайт. Мени да калп менен ар нерсе кылууга аракет кылышты, азыр баары жакшы", - деди Жапаров. 

2020-11-12 14:00:00

 

Тышкы карыз боюнча Жапаровго маалымат каражат өкүлү тарабынан суроо берилди.

"Нарындагы  тоонун бир пайызы эмес, бир тал куму берилбейт. Баарын өзүбүз иштетебиз. Азыркы тапта Кытайдан карызды кутулуунун жолун издеп жатабыз", - деди Жапаров.

 

2020-11-12 13:59:00

 

"Мамлекет менен инвестордун ортосунда келишим болот" деди Жапаров.

2020-11-12 13:50:00

 Садыр Жапаров келип, орундугуна жайгашып отурду.

2020-11-12 13:48:00

 

Азыркы тапта залга маалымат каражат өкүлдөрү топтолду. Жыйын саналуу мүнөттөрдөн кийин башталат.

2020-11-12 13:45:00

 

Садыр Жапаров жыйынга бир жарым саат эле убакыт берилерин айтып, аны Орусиянын өкмөт башчысы менен телефон аркылуу сүйлөшүү боло турганы менен байланыштырды. 

2020-11-12 13:36:00

 

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов ар бир журналист бирден гана суроо берүү укугуна ээ экенин айтты.

2020-11-12 13:30:00

 

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркуловдун маалыматына ылайык, жыйынга журналисттер тандалбай чакырылган. Ал “каттоодон өтөбүз деген журналисттердин баары чакырылды” деди.

2020-11-12 13:22:00

 

Жыйында журналисттер кол көтөрүп суроо берери белгилүү болду. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

2020-11-12 13:18:00

Учурда журналисттер чогулууда. Жыйын саат 14:00дө башталышы күтүлүүдө.

2020-11-12 13:10:00

Азыркы тапта журналисттер имараттын ичине киргизилип жатат. 

 

Башка маалымат жыйындан айырмаланып бул жолу өлкө башчы менен жолугушуу Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын имаратында өтөрү күтүлүүдө.

 

2020-11-12 13:08:00

Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров маалымат каражат өкүлдөрү үчүн маалымат жыйынын өткөрөт. 

Маалымат жыйынына республикалык жана чет өлкөлүк 86 жалпыга маалымдоо каражаттарынан 148 журналист катталганы маалымдалган жана жыйын саат 14:00гө белгиленген.

2020-11-12 00:00:00

 Садыр Жапаров маалымат каражатынын өкүлүнүн суроосуна жооп берип жатып конституциялык реформа элдин талабы экенин айтып, долбоор даярдалып жатканын билдирди. 

"Долбоордо 90 депутат болсун деген сунуштар бар экен. Биз диктатурага жол бербейбиз, менин да андай ниетим жок" деди Жапаров.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан