Бүгүн, 27-сентябрь күнү футбол боюнча 16 жашка чейинки балдар арасында Кыргызстан курама командасы Азия чемпиондугуна тандап алуу оюндарында чечүүчү беттешин өткөрөт. Анда Кыргызстан менен Катар курама командалары беттешет. Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 16:30да башталат. Эске салсак, Кыргызстан курама командасы Азия чемпиондугуна тандап алууда Катар, Оман жана Бангладеш командалары менен “F” тайпасына түшкөн. Бангладеш курама командасы мелдешке катышуудан баш тартканына байланыштуу тайпадан чыгуу үчүн үч команда ат салышууда. 25-сентябрь күнү Кыргызстан менен Оман курама командалары кез келип, оюн 3:3 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Учурда үч команданын тең тайпадан чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Бүгүнкү беттеште тайпадан чыгуу үчүн Кыргызстан курама командасы Катар командасын жеңиш керек.