Кыргыз өлкөсү Орусия менен кош жарандуулук жөнүндө мыйзам кабыл алуу керек. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн президенттигине талапкер, парламенттин экс-спикери Адахан Мадумаров Орусияда өткөн "Кыргыз кризиси жана президенттик шайлоо" аттуу брифингинде билдирген.
“Мен Орусиянын жана Кыргыз өлкөсүнүн кош жарандыгы жөнүндө мыйзамды демилгелегим келет. Бизге бул керек. Мындан биз пайда көрөбүз. Орусиянын жарандыгын алган Кыргыз жарандарынын өз мекенинде мүмкүнчүлүктөрү чектелүү”, - деген Мадумаров.
Мындан сырткары ал ар дайым эмгек мигранттары менен тынымсыз жолугуп турарын баса белгилеген.
“Мен мекендештерибиз жүргөн бардык жерлерде - Орусия, Түркия, Түштүк Корея, Казакстанда жүрөм. Алар каяка чакырса, ошол жакка келем. Эгерде башка Кыргыз саясатчылары чакырылбаса, бул алардын чоң трагедиясы. Ар бириңер мен үчүн кымбат болгонуңар үчүн келем. Өлкөнүн негизги байлыгы алтын, мунай же көмүр эмес - бул эл. Жыл сайын 250 миң адам өлкөдөн чыгып кетишет. Алардын ар бири биздин элибиз үчүн баа жеткис. Жаштар өз мекенинде өзүн керектүү сезиши керек", - деп баса белгилеген Мадумаров.
Буга чейин Мадумаров аталган каналдын эфиринде Кыргыз өлкөсүндөгү парламенттик шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылгандан кийин, өлкөдөгү саясий кырдаал конституциялык талаадан чыгып кеткенин айткан.