Буга чейин теле алып баруучу, модель катары таанылган Сагын Эргешов ырчылыкка кызуу киришти. Ал 8 ай аралыгында 4 клип тарттырганга үлгүргөн. Бул тууралуу Сагын мырза менен байланышканыбызда белгилүү болду.
"Жүрөгүмө жашап алдыңбы" аттуу ырды жаздырып, клип тарттырууга 2 ай убакыт кетти. Бул менин төртүнчү клибим.
Чыгармачылыкка кайтып келдим десем болот. Негизи мен 6-класста окуп жүргөндө эле ырдап, ырларым радиолордон кетип баштаган. Кийинчерээк жергиликтүү телеканалдарда алып баруучу болуп, чыгармачылыктан ооп кеткем.Үй-бүлө мүчөлөрү, жакындарым "ырдап чыкпайсыңбы" деген сунуш айытшты. Ырчы болом дегенде атам мени Ош шаарына ташыган күндөрдү эстеп, анын мээнетин актайын деп сахнага кайттым", - дейт ал.