Бүгүн, 12-ноябрда саат 11:30да Садык Шер-Нияз президенттикке талапкер катары Борбордук шайлоо комиссиясына арызын тапшырды. Ал мындан бир нече күн мурун шайлоого катышарын билдирген.
Буга чейин Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Бектур Асанов, Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Абдыкаар Сыдыков, Бакыт Бакетаев, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев, Жеңишбек Байгуттиев, Клара Соорокулова, Азамат Эсенбеков, Аймен Касенов президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча арызын БШКга тапшырышкан.
Талапкер болууну каалаган жарандардын арызы 15-ноябрга чейин кабыл алынат.
БШК мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоону 2020-жылдын 10-январына белгилеген.