Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 11-ноябрында коррупцияга шектелип тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча секторунун башчысы Ч.С. аттуу жаран кармалды.
Ошондой эле коррупцияга шектелип, Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясы Ж.Н. кармалды. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү "коррупция" менен каралган белги боюнча кылмыш иши козголгон. Азыркы убакта бул кылмышка тиешеси бар башка жогорку кызмат адамдарынын жүргөн жерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
"Тергөөнүн жүрүшүндө 2016-жылы айрым адамдар (кылмыштуу элементтер) материалдык пайда көрүү максатында өз байланыштарын пайдаланып, Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын кызмат адамдары, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги, ошондой эле айрым судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери тарабынан Г.Э. ЖЧКнын кызыкчылыгын көздөп, сот иштерин жана сот чечимдерин жасалмалоо жолу менен Максим Бакиевдин филиалдарына таандык мүлктөн камакка алууну мыйзамсыз алып салышкан", - деп айтылат маалыматта.