Биз ажыдаарга айланбайбыз, өткөндү кайталабайбыз. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Садыр Жапаров маалымат жыйын учурунда айтты.
Жыйында журналисттер тарабынан Жапаровго "Ажолор ажыдаарга айланып кетет деген икая бар, сиз ажыдаарга айланбайсызбы?" деген суроо узатылды.
"Биз ажыдаарга айланбайбыз, буга мен кепилдик бере алам. Биз өткөндөрдөн сабак алышыбыз керек, өткөн каталарды кайталабайбыз", - деп жооп берди Жапаров.