Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров маалымат жыйын өткөрдү. Маалымат жыйын 1 жарым саатка созулду. Ага 150дөй журналист катышты.
Анда Жапаров президенттин милдетин аткаруу кызматын тапшырып берерин айтты.
"Президенттин милдетин аткаруу кызматын тапшырып берем, ал кызмат автоматтык түрдө Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго өтөт. Өкмөт башчылык ыйгарым укуктарым шайлоо бүткүчө убактылуу токтотулат, ал кызматты биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков аткарат", - деди Жапаров.