Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров саясий кууугунтуктоолор жана журналисттерге карата кысымдар болбой турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-ноябрда маалымат жыйында билдирди.
"Бири-бирибизди бийлик алмашканда кууп, куугунтуктаганыбыз туура эмес. Мен эч кимди куугунтуктабагыла, камабагыла деп айтып жатам. Биз 30 жылдан бери саясат менен алышып, өлкөбүздү артка кетириптирбиз. Түрмөлөрдү толтургандан пайда таппайбыз. Ошондуктан саясий куугунтук жана журналисттерге карата кысым болбойт. Ар ким өз оюн ачык айтсын. Эгер чын айтса биз ага реакция кылабыз. Калп айтса анда кеп башка, калптын казаны кайнабайт. Мени да калп менен ар нерсе кылууга аракет кылышты, азыр баары жакшы", - деди Жапаров.