Түркиянын Коджаэли шаарында 20 жашка чейинкилер арасында шахмат боюнча Дүйнө чемпиондугунда акыркы 13-турдун оюндары жыйынтыкталды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет. Анда эркектер арасында Жохар Жанбай уулу акыркы 13-турда тең чыгып, жалпы 117 катышуучунун ичинен 5,5 упайы менен 81-орунду ээледи. Ал эми кыздар арасында 13-турда Айжаркын Шынгыс кызы тең чыкса, Айжан Алымбай кызы утулуп, жалпы жыйынтыкта Айжаркын Шынгыс кызы 58-орун, Айжан Алымбай кызы 59-орунду ээледи.