Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн маалымат жыйынын өткөрдү.
Анда Садыр Жапаровго Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустинге байланыштуу суроо узатылган.
Суроо: "ШКУнун саммити учурунда Орусиянын мамлекет башчысы менен телефондук сүйлөшүү жүргүзүү тууралуу каалооңузду билдирдиңиз эле, бүгүн Орусиянын өкмөт башчысы менен сүйлөшүү болот дедиңиз, ал жөнүндө эмнелер тууралуу сүйлөшөсүз? Орусиянын Кыргыз өлкөсүнө болгон 100 миллион каражат өлчөмүндөгү жардамы тууралуу сөз болобу?"
"Бүгүн Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен сүйлөшүү болот. Ал жерде коомго айтыла турган да, айтылбай турган да маселелер бар. Ошол боюнча сөздөр болмокчу" , - деди Жапаров.
Ошондой эле президенттин милдетин аткаруучу Орусиянын Кыргыз өлкөсүнө берчү акчалай жардамы боюнча маселе чечилгенин кошумчалады.
Эске салсак, маалымат жыйынга республикалык жана чет өлкөлүк 86 жалпыга маалымдоо каражаттарынан 148 журналист катталган.