"Социал-демократтар" партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков алдыда өтө турчу президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз менен кайрылат. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-ноябрда социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Анда Темирлан Султанбеков президенттикке талапкер болууга жашы жетпесе дагы БШКга "баарына каршы" деген графаны ага берүү үчүн кайрылып көрөрүн билдирген.
"Кыргыз өлкөсүнүн конституциясы боюнча президенттикке жашы 35тен өйдө жарандар талапкер боло алат. Мен 22 гана жаштамын.
Бүгүн мен БШКга арыз берген талапкерлердин тизмесин карап көрдүм. Тилекке каршы, арасынан күчтүү, эрктүү, максаттуу талапкерлерди көрө алган жокмун.