Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, мындан аркы кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жаатында өз ара аракеттенүү жана калкты COVID-19дан сактоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланган.
"Кыргыз тарап буга чейин аныкталган тышкы саясат мамилесин эч качан өзгөртпөйт жана Орусия менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди мындан ары чыңдоого жана бекемдөөгө өзгөчө маани берет. Өз кезегимде, мен мындан аркы өз ара аракеттенүү жана эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелеринин топтомун илгерилетүү үчүн керектүү аракеттерди көрүүгө даярмын", - деген Садыр Жапаров.
Телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы тыгыз байланышты улантуу зарылдыгы жөнүндө макулдашуулар болду. Жыйынтыгында тараптар мурда макулдашылган келишимдерге өз ара милдеттенмелерин билдиришти.