"Биздин өлкөдөгү кырдаал толук турукташты", - деп бүгүн, 13-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров дипломаттар менен жолугууда айтты.
"Биздин өлкөдө түзүлгөн саясий кырдаал боюнча баарын алып салуу үчүн ушундай жолугушуу керек. Бүгүнкү жолугушууну өзгөчө деп эсептейм.
Биздин өлкөдөгү кырдаал толук турукташты. 5-октябрда болгон окуяга түздөн түз күбө болдуңуздар. Эл эскиче жашагысы келбей аянтка чыгышты.
Өкмөт милдетин ырааттуу аткарышы керек. Ички саясий кырдаал турукташты. Аны аткаруу органдары иштеп жатат. Өлкөдөгү бийлик алмашуу тынчтык жолу менен өттү", - деди ал.