Садыр Жапаров: "Биз коңшу боордош мамлекеттер менен мындан ары да бекемдөөгө жана ырааттуу өнүктүрүүгө даярбыз"

"Биз коңшу боордош мамлекеттер менен мындан ары да бекемдөөгө жана ырааттуу өнүктүрүүгө даярбыз", - деп бүгүн, 13-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров дипломаттар менен жолукканда билдирди.

"Биздин тышкы саясатыбыздын негизги өзөгү болуп мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарын көздөө менен тең салмактуу жана прагматикалык тышкы саясатты жүзөгө ашыруу эсептелинет.

Биз коңшу боордош мамлекеттер, союздаштар жана стратегиялык өнөктөштөр менен мамилебизди мындан ары да бекемдөөгө жана ырааттуу өнүктүрүүгө даярбыз.

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин аймагындагы ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоого багытталган туруктуу позицияны карманабыз жана шериктештиктин алкагындагы кызматташууну кеңейтүүгө умтулабыз.

Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы кызматташууга биз өзгөчө маани беребиз.
Улуттук экономиканын туруктуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле инвестициялардын агымын көбөйтүү жана товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын, эмгек ресурстарынын эркин жүгүртүлүшүнө толук көлөмдө жетишүүгө кызыкдарбыз.

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында жамааттык коопсуздук тутумун түзүү Кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыктарына толук жооп берет.

Биз Уюмга мүчө-мамлекеттердин жамааттык коопсуздугун камсыз кылууга кызыкдарбыз жана жаңы чакырыктар менен коркунучтарга каршы турууда ар тараптуу иш-аракеттерибизди уланта беребиз.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттер биздин аймактагы коопсуздук, экономикалык, маданий жана гуманитардык жааттарда кызматташуусуна чоң салымын кошуп келе жатат.
Биз Шанхай кызматташтык уюму менен тыгыз кызматташуубузду жигердүү улантууга даяр экендигибизди баса белгилейм.

Европа биримдиги менен кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө Макулдашууга тез арада кол коюлушуна үмүттөнөбүз.

Тараптардын макулдашууга кол коюусу кыргыз-европа мамилелерин сапаттуу жаңы деңгээлге алып чыгаарына терең ишенем", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан