Садыр Жапаров: "Кыргыз өлкөсүнүн ишенимдүү эл аралык өнөктөштөргө ээ болгон мамлекет болушуна бардык аракетимди жумшайм"

Бүгүн, 13-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров дипломаттар менен жолугушууда.

"Чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн ишенимин калыбына келтирүү максатында өткөрүп жаткан бүгүнкү жолугушуубуз өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүдө жана чыңдоодо жаңы импульс берет деп ишенем.

Кыргыз Республикасында болуп жаткан процесстерди эл аралык өнөктөштөрдүн позитивдүү кабыл алуусуна объективдүү маалымат берүүгө көмөк көрсөтүүңүздөрдү өтүнөм.

Ошондой эле Кыргыз өлкөсүнө зарыл реформаларды жүргүзүүгө, инвестиция жана жардам тартууда, коронавирус менен каршы күрөшүү жана өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын калыбына келтирүү, анын ичинде мамлекеттик инвестициялык программалардын алкагында долбоорлорду ишке ашыруу багытында бардыгыңыздарды колдоо көрсөтүүгө чакырам.

Ал эми мен Кыргыз өлкөсүн күчтүү демократиялык институттарга жана ишенимдүү эл аралык өнөктөштөргө ээ болгон, гүлдөгөн мамлекет болуусу үчүн бардык күч-аракетимди жумшайм", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан