Садыр Жапаров: "Мен шайлоону ачык жана адилеттүү өткөрүү боюнча реалдуу реформалар жүргүзүлөт деп терең ишенем"

Бүгүн, 13-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров дипломаттар менен жолугуп жатып шайлоо процесстери боюнча сөз сүйлөдү.

"Президенттик шайлоо конституциялык мыйзамга ылайык Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен келээрки жылдын 10-январына белгиленди.
Мен президенттин милдетин аткаруу кызматымды жана премьер-министр кызматын тапшырып берип, шайлоого катардагы жаран катары катышам.
Мен мыйзамдуулуктун үстөмдүгүнүн негизинде шайлоо процесстерин ачык жана адилеттүү өткөрүү боюнча реалдуу реформалар жүргүзүлөт деп терең ишенем.

Саясий реформалар, сөзсүз түрдө Конституциянын алкагында жана улуттук мыйзамдардын чегинде ишке ашырылышы керек", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан