Бүгүн, 13-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров дипломаттар менен жолугушту.
"Бул багытта коррупциялык жана мыйзамсыз аракеттерди токтотуу үчүн экономикалык амнистия жарыяладым.
Кыргыз өлкөсү өзүнүн чет өлкөлүк өнөктөштөрү менен достук мамилелерди өнүктүрүүдө, инвесторлордун жана Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугун камсыз кылаарын дагы бир жолу ырастайт.
Чет элдик инвесторлорго менин эшигим жана бардык мамлекеттердин мекемелеринин эшиктери дайым ачык.
Инвестициялык долбоорлорду баштоодо мамлекеттен уруксат документтерди алуу маалында негизсиз убакыт чоюулар, бюрократиялык тоскоолдор, инвесторлордон акчалай үлүш сураган көрүнүштөр мындан ары болбойт.
Кимде-ким үлүш талап кылган болсо, ал адамга мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт.
Бул биздин ачык-айкын позициябыз жана эскертүүбүз.
Анткени, чет элдик инвесторлор менен биздин ортобузда эки тараптын кызыкчылыгын камтыган ачык жана ишенимдүү мамиле болуусу тийиш", - деди ал.